2025-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда, өндүрүш 508,1 млн кВт⋅чка кыскарды, бул 13,6%га төмөндөөгө туура келет.
2025-жылдын сентябрь айында энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкө үчүн келечектеги кыш эң кыйын болорун белгилеген.
Ошондуктан, ошол убактан бери республикада электр энергиясын үнөмдөө боюнча активдүү чаралар башталды.
2025-жылдын ноябрь айынын ортосуна карата өкмөт бир катар чараларды кабыл алды:
- мамлекеттик жана административдик мекемелерде кечки убакта сырткы жарыкты колдонууга тыюу салды;
- 18:00дөн кийин билим берүү мекемелеринде электр энергиясын пайдаланууну чектеди;
- калк үчүн жаңы лимит киргизилди - 3 кВтка чейин, бул жарандарды кир жуугуч машинаны же электр чайын колдонуу арасында тандоого мажбурлады;
- 2026-жылдын март айынын аягына чейин майнинг-фермаларды ишин токтотту;
- Бишкек мэриясы кафелерде, ресторандарда жана түнкү клубдарда бардык электр приборлору, өзгөчө көп энергияны керектегендер, 22:00дөн кийин өчүрүлүшү керектигин жарыялады, бирок кийинчерээк бул талап жумшартылды;
- президент электр энергиясынын импорту көлөмүн азайтуу боюнча буйрук берди.