Прокуратура Бишкектеги №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултууну аныктады: Директору жумуштан бошотулду
Ленин районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында №95 мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча алуу фактылары аныкталды. Генералдык прокуратуранын басма сөз кызматы бул тууралуу билдирди. Кээ бир мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекеттик тарифтен жогору акча талап кылышканы белгилүү болду, бул мыйзам бузуу болуп саналат.