
13-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында (УИА) «Алыкул Осмонов» энциклопедиясынын презентациясы өттү. Бул басылма адабиятчы, искусствовед жана тарыхчы изилдөөчүлөрдүн тобу тарабынан даярдалган, Кыргызстандын улуу акынынын 100 жылдыгына арналган. Энциклопедия Бишкекте «Бийиктик плюс» басмаканасынан 500 нускада чыгарылган. Басылмага демөөрчүлүк жардамды Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жана «Ак» фондунун президенти, коомдук ишмер Осмонбек Артыкбаев көрсөткөн.
Энциклопедиянын презентациясына УИАнын президенти, академик А. Эркебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары К. Осмоналиев, Ч.А. Турсунбеков, К.К. Иманалиев, министрликтердин өкүлдөрү, илимпоздор, жазуучулар жана Кыргызстандын акындары катышты.
Энциклопедиянын чыгарылышынын инициатору жана уюштуруучусу, УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиевдин айтымында, энциклопедия бир нече бөлүмдөн турат, анда Алыкул Осмоновдун жашоосу жана чыгармачылык жолу тууралуу тарыхый фактылар баяндалган. Басылманын негизги бөлүгү кыргыз поэзиясынын классиги болгон акындын орус, кыргыз жана башка тилдерде чыккан бардык чыгармалары тууралуу маалыматтарды камтыйт. Мындан тышкары, акындын поэтикалык жана котормо мурасы, анын бардык чыгармаларын терең изилдөө аркылуу ачылган. Алыкул Осмоновдун биографиясынын негизги фактылары менен байланышкан географиялык жерлердин аталыштарын билдирген терминдердин лингвистикалык анализи берилген.
Энциклопедияга ошондой эле УИАнын Кол жазмалар фондунан илимий изилдөөлөр, макалалар жана А. Осмоновдун чыгармачылыгынын живопись, театр искусствосу жана Кыргызстандын кинематографиясынын өнүгүүсү менен болгон байланыштары тууралуу маалыматтар кирген. Иш-чаранын катышуучуларына акындын жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу фильм көрсөтүлдү.
Презентация учурунда сүйлөгөндөр акындын чыгармалары кыргыз поэзиясынын чыныгы шедеврлери экенин, ал эми анын «Тигр терисиндеги жоокер» Ш. Руставели котормосу кыргыз тилине поэтикалык чеберчиликтин үлгүсү катары эсептелинерин белгилешти.
Китептин чыгарылышынын инициатору, УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиевдин айтымында, автордук топ жана басмаканалар Кыргызстандын улуу инсандарынын жашоосуна жана ишмердүүлүгүнө арналган ушундай эле басылмаларды чыгарууну улантууну пландаштырууда. Автордук топ «Манас» эпосунун энциклопедиясын, ошондой эле Саякбай Каралаев жана Сагынбай Орозбаков тууралуу энциклопедияларды чыгаруу боюнча активдүү иш алып барууда. Учурда Чингиз Айтматов тууралуу окшош басылма даярдалып жатат.