
Жакын туугандары жок аял Бишкек шаарынын тургуну М.Е.В. тарабынан убактылуу камкордукка алынган, ал аялга Акыйкатчы Институтуна кайрылууну сунуштаган.
Б.А.И. өз кайрылуусунда 1974-жылы Түркмөн ССРинде берилген советтик үлгүдөгү паспортунун сакталганын белгилеген. 1996-жылы Кыргызстан жараны болуп калган, бирок 1983-жылдан бери өлкөдө жашап жатканда эски паспортун убагында алмаштыра алган эмес.
Мындан тышкары, күчүндө болгон мыйзам актыларына ылайык, жеке адамды тастыктаган документ жок болсо, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын юридикалык дареги боюнча катталат. Паспорт алууга кеткен чыгымдарды да жергиликтүү бийлик өзүнө алат.
Институттун кийлигишүүсүнөн кийин, Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Б.А.И.га карылар үйүнө жөнөтүү кагазын берди, ал эми Свердлов районунун акимиаты кыргыз паспортуна байланыштуу чыгымдарды өзүнө алды.
Учурда Б.А.И. карылар үйүндө ийгиликтүү жашап, бардык керектүү социалдык кызматтарды алууда.