
Телеканалдарда өткөн жылдын жыйынтыктары жана келечектеги пландар тууралуу интервьюда министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөдөгү айлык акыларды көтөрүү пландары тууралуу билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы айлык акыларды көтөрүүнүн эки этабы күтүлүүдө, алардын жыйынтыгында айлык акылар 50% га өсөт.
«2026-жылы бизде чоң пландар бар. Биринчи этабында биз мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин жана тейлөө персоналынын айлык акыларын минимум 50% га көтөрүүнү пландап жатабыз.
Экинчи этабы 1-сентябрдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акыларын дагы 50% га көтөрүү каралган. Бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жылдык эсепти эске алганда, кошумча 57 миллиард сом талап кылынат. Айлык акылар 1-апрелде жана 1-сентябрда көтөрүлөрү үчүн, кийинки жылдын бюджетине 39 миллиард сом кошумча каралган.
Биз бул багытта иштөөнү уланта беребиз. Эң негизгиси, экономика өнүгүп, бюджетке көбүрөөк каражат түшсө, анда биз системалуу түрдө айлык акыларды көтөрө алабыз», — деди ал.