
14-январда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев, Борбордук жана Түштүк Азия боюнча мамлекеттик катчынын орун басары Джон Поммершайм менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында кыргыз-американдык мамилелердин актуалдуу маселелери, саясий диалогду бекемдөө жана биргелешкен иш-чараларды уюштуруу талкууланды.
Айрыкча, 4-5-февралда Бишкекте өтө турган В5+1 бизнес-форумуна жана эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.
Мындан тышкары, тараптар АКШ тарабынан B-1/B-2 визалары үчүн киргизилген жаңы талаптарды жана Кыргызстандын жарандарына иммиграция визаларын берүү убактылуу токтотулушун талкуулашты.
Молдогазиев бул чаралар эки өлкөнүн жарандарынын саякаттарына терс таасир этиши мүмкүн экендиги боюнча тынчсыздануусун билдирди, бул болсо бизнес жана туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө кыйынчылык жаратат. Ал бул маселени чечүүнүн өз ара кабыл алынуучу жолдорун издөө сунушун берди.
Бул боюнча Джон Поммершайм бул чаралар мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча америкалык саясаттын бир бөлүгү экенин белгилеп, мындан ары талкуулоого жана кызматташууга даяр экенин билдирди.