
Чыгыштагы аскердик-саясий кырдаалдын начарлашын эске алып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул региондо жүргөн жарандарды дароо чыгып кетүүгө чакырат. Ведомстводо конфликттин дагы да күчөшү боюнча коркунучтардын сакталып жаткандыгын белгилешет, бул өлкөлөрдө болушу өтө кооптуу.
Чыгышта жүргөн кыргызстандыктарга сунушталат:
- жогорулаган сактык менен аракет кылуу;
- жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүн кылдат карап туруу;
- бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн жана сунуштарын аткаруу;
- текшерилбеген маалыматтарды бөлүшпөө;
- мүмкүн болсо, адамдардын көп чогулган жерлеринен алыс болуу;
- сапарга чыгууда авиарейстердин статусун текшерүү;
- аскердик максаттагы объектилерге жакындан алыс болуу.
МИД кырдаалдын өнүгүшүн байкап, жаңы окуялар тууралуу маалымат берүүнү улантат.
Керектүү учурда, жарандар төмөнкү телефон номерлерине кайрылса болот:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти:
+996 999 312 002
E-mail: dks@mfa.gov.kg
Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилиги: +965 50887691
Кыргыз Республикасынын Катардагы элчилиги: +974 50667001
Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиясындагы элчилиги: +966 583769945
Кыргыз Республикасынын БАЭдеги элчилиги: +971 522255269
Кыргыз Республикасынын Дубайдагы Генералдык консулдугу: +971 522918840
Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги: +98 21 22830354; +98 935 250 5229
E-mail: kgembassy.ir@mfa.gov.kg
Израиль: +972-54-962-2341; +972-35226744
E-mail: cons.israel@mid.ru