Депутаттарга ЖКнын ГИК линиясы боюнча батирлерди бөлүп берүү маселеси каралат, - Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кенештин 17-декабрда өткөн жыйынында депутаттарга ГИК механизми аркылуу батир берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдады. Ал парламенттин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн имаратта оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлгөнүн жана эски транспортту алмаштыруучу жаңы унаалар сатып алынганын белгиледи. «Кийинчерээк биз ГИК линиясы аркылуу батирлерди бөлүп берүү маселесин да изилдейбиз», — деп кошумчалады президент.