ЦАнын коопсуздугу: Бишкекте кибер коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүүнү талкуулашууда
Бишкекте ушул күндөрү киберкоопсуздукка арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Талкуунун темасы уюштуруу-укуктук маселелер, эл аралык жана улуттук стандарттар, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна таасир эткен актуалдуу коркунучтар жана чакырыктар болду. Бул иш-чаранын негизги максаты Борбордук Азияда киберкоопсуздукту күчөтүү, технологиялардын тез өнүгүү шартында жаңы чакырыктарга каршы күрөшүү боюнча жалпы мамилелерди иштеп чыгуу, ошондой эле катышуучулар арасында