КР жана Азербайжан өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча макулдашты
24-декабрда Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары Медер Туманов Азербайжандын Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү соода өкүлү Самед Гасанов менен актуалдуу маселелерди талкуулады. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министрлигинен алынды. Талкуу учурунда 2025-жылдын 8-декабрында Бакуда өткөн Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 6-жыйынында жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын аспекттери каралды.