Калың тумандан улам «Манас» аэропортунда рейстер кечигип жана токтотулууда
«Манас» эл аралык аэропортунда калың тумандан улам авиарейстер кечиктирилип, токтотулууда. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» акционердик коомунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 11 рейс токтотулуп, 4 рейс кечикти. Ошол эле учурда 13 рейс белгиленген убакта учуп кетти, бирок 16 рейстин аткарылышы белгисиз бойдон калууда.