
Ферма жыл сайын 100 чочко өндүрөт
Япон компаниясы PorMedTec 2027-жылга чейин клонирленген чочколорду өстүрүү боюнча ферма ачууну пландап жатат, алар адамдарга орган көчүрүү үчүн колдонулат, деп билдирет Nikkei Asia.
Америкадагы биотехнологиялык eGenesis фирмасы менен кызматташып, PorMedTec кадимки чочколордун клеткаларын колдонуп клонирленген чочколорду түзүү менен алектенет. Биоматериалды колдонордон мурун генетикалык модификациядан өткөрүп, пациенттерде органдын четке кагылышынын тобокелдигин азайтуу пландалууда.
Ферма Осакада жайгашып, жыл сайын 100 чочко өндүрүүнү көздөп жатат. Керектүү өлчөмгө жеткенден кийин, чочколор медициналык мекемелерге органдарды алуу үчүн жөнөтүлөт. Фермада температура жана башка жаныбарлардын биомаркерлери үчүн мониторинг жүргүзүүчү жасалма интеллект системаларын камтыган заманбап жабдуулар колдонулат.
Быйылкы жылдын сентябрь айында eGenesis генетикалык модификацияланган чочконун бөйрөгү көчүрүлгөн пациенттин диализге муктаж болбой жети ай жашаганын билдирди.
Сүрөт www