
Страховка жок болсо, кирүүгө тыюу салынат
2026-жылдын 1-январынан тартып, Грузияга барууну пландап жаткан ар бир чет өлкөлүк жаран күчүндө болгон медициналык камсыздандыруу полисин көрсөтүүгө милдеттүү болот. Бул полис өлкөдөгү убактылуу жашоонун бардык мезгилин камтышы керек жана минималдуу камсыздандыруу суммасы 300 миң грузин лари болушу шарт, бул бүгүнкү күндө болжол менен 11 миң 100 АКШ долларына барабар.
Камсыздандыруу полиси грузин же англис тилдеринде түзүлгөн болушу керек жана анын күчү бир жылдан ашпашы керек.
Дипломатиялык жана кызматтык паспорттун ээлери, ошондой эле Грузияда аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сыяктуу айрым категориядагы адамдар бул талаптан бошотулуп, медициналык камсыздандыруусуз кире алышат.
Сүрөт www