
Евросоветтин пресс-релизинде «бул регламент Европа өлкөлөрүнүн орус энергетикалык ресурстарынан көз каранды болуусун азайтууга багытталган REPowerEU программасын ишке ашырууда маанилүү кадам» деп белгиленген.
Чечим дүйшөмбү күнү министрлер жыйынында кабыл алынды, бирок Словакия жана Венгрия өз макулдугун билдирген эмес, деп билдирет Reuters.
Башында документтин долбоору 2025-жылдын декабрь айында сунушталган. Анда ЕС өлкөлөрү өз сактоочуларындагы запастар критикалык деңгээлден төмөн болуп калса, орус газын 2027-жылдын 31-октябрына чейин колдонуу мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берилет деп каралган.