
ДДСнын маалыматына ылайык, январь айында Индиянын Батыш Бенгал штатында эки тастыкталган оорулуу учур катталган. Эки бейтап да жеке оорукананын кызматкерлери. Мамлекеттин бийликтери мониторинг жүргүзүп, алар менен байланышта болгон 200гө жакын адамды аныкташкан, бирок жаңы учурлар катталган эмес. Адистер вирусунун адамдар арасында туруктуу өткөрүлүшү боюнча белгилер жок экенин белгилешти.
ДДС «инфекциянын жайылышынын регионалдык жана глобалдык тобокелдигин төмөн» деп баалап, бар болгон маалыматтардын негизинде уюм эл аралык саякаттарга же соодага чектөөлөрдү киргизүү үчүн негиздерди көрбөйт.
Нипах вирусу жаныбарлардан адамга өтүүчү, ошондой эле, сейрек учурларда, жакын байланышта адамдар арасында өтүүчү сейрек жана кооптуу оору. ДДСнын маалыматы боюнча, натыйжалуу вакциналар жана атайын дарылоо ыкмалары жок, ал эми өлүм деңгээли конкреттүү оору учуруна жараша 40-75% га чейин жетиши мүмкүн.
Мурда ДДС Нипах вирусун эл аралык маанидеги ооруларды пайда кылуучу патогендердин тизмесине киргизген.
Индиядагы окуяларды эске алып, Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда да чек араларда медициналык көзөмөл күчөтүлгөн.