
«Украинадагы туруктуу тынчтыкты колдоо» деген аталыштагы резолюция 107 мамлекет тарабынан колдоого алынды, ал эми 12 өлкө каршы добуш берди, 51 өлкө болсо добуш берүүдөн баш тартты.
Каршы чыккандардын арасында Россия, Беларус, Буркина-Фасо, Бурунди, Куба, КНДР, Эритрея, Иран, Мали, Нигер, Никарагуа жана Судан өкүлдөрү болду.
Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан добуш берүүдөн баш тарткан өлкөлөрдүн катарына кирди. Түркмөнстан добуш берүүгө катышкан жок. Баш тарткандардын арасында ошондой эле АКШ, Кытай, Индия, Түштүк Африка, Армения, Бразилия, Катар, Монголия жана Бириккен Араб Эмираттары бар.
Резолюцияда Украинадын көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдоо белгиленет. Америка Кошмо Штаттары суверенитет жана аймактык бүтүндүк, ошондой эле БУУнун Уставы боюнча эки пунктту алып салууну сунуштады, бирок сунуш колдоо тапкан жок, резолюция болсо өзүнүн баштапкы түрүндө кабыл алынды.