

Тергөө маалыматтарына ылайык, аталган адамдар укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырган жана арыз ээсин бизнесин рейдерлик менен басып алуу боюнча айыпташкан. Алар социалдык тармактарда жана ЖМКларда компрометирлөөчү видеолорду жарыялоо менен коркутуп, андан $100 миң талап кылышкан.

Натыйжада «Шантаж» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бардык кылмышка катыштыгы бар адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу үчүн тергөө аракеттери жана оперативдүү-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.