
Баткен облустук мамлекеттик архитектуралык курулуш контролунун кызматкерлери Кызыл-Киде, Ленин көчөсүндө жайгашкан жети кабаттуу турак үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук боюнча олуттуу мыйзам бузууларды аныкташты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
«Золотой Квадрат» ЖЧКсынын объектинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында мыйзам бузуулар кодексине ылайык акт түзүлүп, компания 200 миң сомго айып пулга тартылды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды дароо жоюу зарылдыгы тууралуу расмий эскертүү берилди.
Курулуш объектиндеги текшерүү уланууда.
Министрлик курулуш тармагындагы бардык катышуучуларды күчүндө турган нормаларга, стандарттарга жана мыйзам талаптарына так сактоого чакырат, бул тармактагы контролдун күчөтүлөрүн баса белгилейт.