
2025-жылдын декабрь айында Чүй облусунда рейддер өткөрүлүп, мыйзамсыз аңчылык кылган бир нече адам кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында 263-беренеге ылайык 20 протокол түзүлдү, ал аңчылык эрежелерин бузуу тууралуу. Ар бир кармалган адамга 12 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул дайындалды.
Ошентип, жалпы айып пулдардын суммасы 250 миң сомду түздү.

