Полицияга Н. Т. кайрылып, 20-мартта саат 13:45 чамасында Фучик көчөсүндө аны сабап, анын буюмдарына ачык түрдө ээ болушканын айтты.
Окуянын жүрүшүндө кылмышкерлер анын колундагы күрөң капчыгын алып кетишкен, анын ичинде MBank банктын картасы жана ID-паспорт бар эле. Ошондой эле алар анын Redmi 14 Pro маркасындагы телефонунун экранын талкалашкан.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси "Тонуу" боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү.
Милиция кызматкерлери оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн жеке баштарын аныктап, 2004-жылы туулган К. Э. жана 1990-жылы туулган А. У. аттуу эки шектүүнү кармашты. Алардын бири Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Тергөө уланууда.