
Сүрөт иллюстративдик
Текшерүү учурунда айрым жумуш берүүчүлөр өз жарыяларында Кыргыз Республикасынын жарандыгын талап кылгандыгы аныкталды. Башка жумуш орундарында болсо Өзбекстан жарандары үчүн атайын шарттар сунушталган. Прокуратура интернеттеги ачык булактардан мындай сунуштарды тапты.
Соттук инстанция мындай жарыяларды тыюу салынган деп тааныды, учурда арызда аталган интернет даректери жабылган. Сот ошондой эле улуттун негизинде дискриминация кылуу мыйзамсыз экендигин белгиледи.