
Мэрия жана административдик райондордун жардамы менен гуманитардык наборлор борбордун төрт районуна бөлүштүрүлдү. Продукттар райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жеткирилди, ал жерден ар бир райондон 75 үй-бүлө бул жардамды алды, жалпысы 300 үй-бүлөгө жетти.
Жардам «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик пособие алып жаткан үй-бүлөлөргө, ошондой эле кыйын жашоо шартында калган, майыптар жана аз камсыз болгон жарандарга көрсөтүлдү.
Ар бир үй-бүлө төмөнкү продуктылардан турган наборду алды:
• 5 кг ун;
• 10 кг макарон азыктары;
• лапша (китлап);
• 5 литр пахта майы;
Бул жаңы жылдык жардам, өзгөчө майрамдын алдында жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн маанилүү колдоо болду.