
2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматынан пайдаланды
Кыргызстанда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан фостердик үй-бүлөлөр системасын өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда. Фостердик ата-энелер болууга каалагандарды даярдоо жана мындай үй-бүлөлөрдөгү балдарды камсыздоо үчүн жыл сайын бюджеттик каражаттар бөлүнөт.
Учурда өлкөдө 114 фостердик үй-бүлө катталган, анда 250 бала бар. Ошондой эле фостердик ата-эне болууга 31 талапкер бар. Программа башталган 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдөн жардам алышты.
Министрликтин регионалдык бөлүмдөрү фостердик үй-бүлөлөрдө балдарды карап-кайгуул нормаларынын жана стандарттарынын аткарылышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турушат.
Мындан тышкары, фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматтарын берүү тартиби Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтому менен бекитилгенин белгилеп өтүү керек.
Сүрөт www