
2025-жылдын биринчи тогуз айында Кыргызстанда кыйын шартта калган 4 843 бала аныкталды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыйын жашоо шартында болгон балдар жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдайт.
Ведомствонун маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн мезгилде кыйын шартта калган балдар үчүн 2 514 жеке коргоо планы иштелип чыккан, алардын 2 488и кыйын жашоо шартынан чыгып кетүүгө жетишкен.
Ошондой эле 1 277 үй-бүлө колдоого муктаж экендиги белгилүү болду. Алардын ичинен 947 үй-бүлө социалдык жардам, керектүү документтерди алуу же окутуу программаларына катышуу аркылуу өз абалын жакшыртууга жетишти.
Мындан тышкары, министрлик балдарга карата зомбулуктун алдын алууга көңүл бурат. Ошол эле мезгилде кыйын жашоо шартында болгон 444 бала ар кандай зомбулуктун курмандыгы болуп, бардыгына керектүү социалдык жана психологиялык жардам көрсөтүлгөн», - деп белгилешти ведомстводон.
Сүрөт www