Бул демилгениң негизги артыкчылыктары төмөнкүлөрдөн турат:
- Миграциялык эсепке алууну жөнөкөйлөтүү жана ылдамдатуу, бул ПИН алуу үчүн кызмат көрсөтүү борборлоруна кайрадан баруунун зарылдыгын жоюйт;
- Бирдиктүү маалымат базасын түзүү, анткени ЕСУВМ чек арадан өтүү учурунда алынган маалыматтарды автоматтык түрдө каттайт;
- Эсепке алуунун тактыгын жана убагында жүргүзүлүшүн жогорулатуу, анткени ПИН чек арачылар тарабынан идентификациялангандан кийин дароо берилет;
- Кызмат көрсөтүү борборлоруна жүктөмдү азайтуу;
- Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү талаптарына жооп берүү.
Ошондой эле, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн 14-сандык ПИНдин биринчи саны 4 экенин белгилеп өтүү керек.
Башкы беттеги иллюстрация маалымат берүүчү мүнөзгө ээ.