КР өкмөтүнүн басма сөз кызматынын сүрөтү. Өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссия эскерүүнү түбөлүккө сактоо боюнча 44 сунушту колдоду
Жыйын «Ынтымак Ордо» имаратында премьер-министрдин орун басары Эдиль Байсаловдун жетекчилиги астында өттү. Иш-чарага комиссиянын мүчөлөрү, ар түрдүү мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары катышты.
Эдиль Байсалов өз сөзүндө мамлекеттин тарыхый эскерүүнү сактоо боюнча саясаты туруктуу болушу керектигин жана илимий жактан негизделиши керектигин белгиледи. Ал «аттарды ыйгаруу жана эстеликтерди орнотуу жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти жана коомдун макулдугун талап кылат» деп кошумчалады.
Комиссиянын талкуусуна Билим берүү министрлигинен, Маданият министрлигинен, Бишкек шаардык мэриясынан жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн 44 демилге сунушталды.
Жыйында төмөнкү белгилүү инсандардын аттарын билим берүү мекемелерине ыйгаруу чечими кабыл алынды:
- Чингиз Айтматов;
- Касым Тыныстанов;
- Исхак Раззаков;
- Жусуп Абдрахманов;
- Ишеналы Арабаев;
- Түгөлбай Сыдыкбеков;
- Дайыра Асанова;
- Сооронбай Жусуев;
- Султан Ибраимов;
- Апсамат Масалиев;
- Курманжан датка;
- Алымбек датка.
Комиссия эстеликтерди орнотуу боюнча бир катар сунуштарды да колдоду. Эскерүүнү түбөлүккө сактоо боюнча демилгелерди системалаштыруу боюнча иштер улантылат.