
Ал билим берүү министрлигин жана өкмөттү мектеп формасына болгон талаптарды кайра карап чыгууга чакырат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандагы балдардын кийип жүргөн ыңгайсыз мектеп формасы жөнүндө маселе көтөрдү.
Бекешевдин айтымында, форма жакшы көрүнөт, бирок аны кийүү абдан ыңгайсыз.
«Мен Ысык-Көл, Ош жана Баткен облустарындагы мектеп окуучуларынан көптөгөн арыздарды алам. Алар форма кышында да, жайында да ыңгайсыз экенин билдиришет», — деди ал.
Ошондуктан депутат билим берүү министрлигине жана министрлер кабинетине мектеп кийимдерине болгон талаптарды жумшартууну өтүндү, окуучуларга футболка жана джинс кийүүгө уруксат берүүнү сунуштады.
«Неге кыздар сөзсүз юбка кийиши керек? Бул кимдин ою? Бул совет доорунун мурасы. Ошол эле учурда Кытайда балдар спорттук костюмдарда мектепке барышат, анткени изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай кийимдер ден соолук үчүн пайдалуу. Мен спорттук формага өтүүнү сунуштабайм, бирок, жок дегенде, балдарга smart casual стилинде кийинип алууга уруксат берели», — деп жыйынтыктады ал.
сүрөт www