
Жогорку Кенештин жакында өткөн жыйынында депутат Дастан Бекешев мектеп формасын ыңгайлуу жана заманбап формага өзгөртүү боюнча сунуш киргизди.
Бекешевдин айтымында, кийим кодексин тарыхый контекст аркылуу кайрадан карап чыгуу керек.
«Орто кылымдарда чиркөө модага тон берчү, кийимдеги скромдуктун стандарттарын орнотуучу. Англияда билим берүү өнүгүп, кедейлер үчүн мектеп формалары киргизилген, андан кийин элиталык окуу жайлары да өз варианттарын ойлоп таба башташкан. Ошентип, бул көрүнүш дүйнө жүзүнө жайылган. Бирок бардык өлкөлөрдө мектеп окуучулары биздегидей катуу костюм кийүүгө милдеттүү эмес. Эгер сен пиджак жана галстук кийбесең, мугалим сындап коюшу мүмкүн. Ош, Ысык-Көл жана Баткенден келген окуучулардын көптөгөн кайрылуулары форма жыл бою ыңгайсыз экенин билдирет», - деди ал.
Бекешев мындай талаптар совет доорунун калдыктары экенин кошумчалады.
«Кытайда окуучулар спорттук кийим кийүүгө мүмкүнчүлүк алышат, бул изилдөөлөр көрсөткөндөй, ден соолукка оң таасир этет. Мен баардык адамдарды спорттук костюмга өтүүгө сунуштабайм, бирок кеминде smart casual стили ылайыктуу болмок. Негизи, уулдар футболка жана джинс кийип келе албайбы, кыздар болсо дайыма юбка кийиши керекпи?» - деп нааразычылыгын билдирди депутат.
Ал өкмөттү талаптарды жумшартууга жана мектептерге форма тандоодо өз алдынча чечим кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү нормативдик актыларды иштеп чыгууга чакырды.
«Мен депутаттардан баштоону сунуштайм. Мен эл аралык протоколдор бар экенин түшүнөм, алар расмий кийим кодексин талап кылат, бирок парламенттерде ар дайым пиджак жана галстук кийилбейт. Кийимдер көп учурда ыңгайсыз болот. Эски талаптарды кайра карап чыгуу керек, айрыкча коноктор үчүн, анткени эмне үчүн коопсуздук кызматкери жарандын кийимин текшериши керек?» - деп жыйынтыктады Бекешев.