Иранда болуп жаткан жана өзгөчө кырдаалдарга туш болгон жарандарга Кыргыз Республикасынын Тегерандеги элчилигине же Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмүнө дароо кайрылуу сунушталат:
Кыргызстандын Ирандагы элчилиги (Тегеран):
+982122830354, +989352505229;
Электрондук почта: kgembassy.ir@mfa.gov.kg;
Тышкы иштер министрлигинин консулдук бөлүмү (түнү-бүтүн):
+996999312002;
Электрондук почта: dks@mfa.gov.kg.
2026-жылдын 28-февралына карата ачык булактардан алынган маалымат боюнча, Түркия менен Ирандын чекеси ачык бойдон калууда жана көзөмөл-өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат.
Кошумча өзгөчө телефон номерлери:
Кыргызстандын Армениядагы почеттуу консулу: +37491919191;
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +903124913506, +905456896800;
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги: +99312482295, +99312482296, +99365694059;
Кыргызстандын Афганистандагы элчилиги: +93779099326, +93776544504 (WhatsApp);
Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги: +994993312312, +994125055674, +994557505301.
Министрлик кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөп, жарандарды тынчтыкты сактоого жана жеке коопсуздук чараларын сактоого чакырат.
Мурда маалым болгондой, бүгүн Израил менен Америка Кошмо Штаттарынын Куралдуу күчтөрү Ирандагы ар кандай шаарларга жана аскердик объекттерге көптөгөн соккуларды жасашты. Муну менен Тегеран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдөгү америкалык аскер базаларына сокку урду. Американын президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик операция башталганын жарыялады.