Бишкектеги кээ бир мектептерге жаңы директорлор дайындалат (тизмеси)
Билим министрлиги 191 мектеп директорунун кызмат орунуна республикалык конкурстун өткөрүлөрү тууралуу маалымдады. Эң көп бош орундар Жалал-Абад облусунда — 58, андан кийин Ош облусу 46 орун менен, Чүй облусу 26 вакансия менен келет. Нарын облусунда 11 орун, Баткен облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 14, Талас облусунда 6 орун ачылган. Ош шаарында үч директордук кызмат орунуна да конкурс жарыяланды.