Владимир Путин: «Кыргызстан – биздин ишенимдүү өнөктөш»
Москвадагы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселеси талкууланды. Владимир Путин Россия-Кыргызстан кызматташтыгынын эң актуалдуу маселелерин талкуулоодо Кыргызстандын Россия үчүн ишенимдүү стратегиялык өнөктөш экенин баса белгиледи.