Иш-чарада Ош мамлекеттик университетинин ректори Кудайберди Кожобеков катышып, саламдашуу сөзүн сүйлөдү. ОшГУ улуттук координатор жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Кыргызстандагы башкы университети катары катышты.
Жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун Тармак университетинин актуалдуу курамы, ШКУнун алкагында даярдоо багыттары боюнча башкы (негизги) университеттер, 2025-жылдын 23-апрелиндеги ШКУнун Координациялык кеңешинин жыйынынын протоколунун чечимдерин аткаруу, ШКУнун алкагында биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн бирдиктүү келишимдер базасында мониторингди толтуруу жыйынтыктары, ШКУнун ишмердүүлүгүн камсыз кылган органдардын документ жүгүртүүнүн системасын актуалдаштыруу, 2024-жылдын 18-апрелинде 8-минуттар министрлеринин жыйынынын протоколу менен бекитилген ШКУнун Концепциясын актуалдаштыруу, ШКУнун расмий сайттын структурасы, Тармак университетинин ректорлор кеңешинин кийинки жыйынынын датасы жана өткөрүү жери сыяктуу маселелер каралды.
Жалпысынан, мындай жолугушуулар ШКУ университетинин алкагында билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган. Бул университеттердин бирикмеси, ал биргелешкен билим берүү программаларын, илимий жана илимий-техникалык долбоорлорду ишке ашырып, экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча адистерди даярдайт, мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында.
Иш-чарада Беларус, Иран, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Кыргызстан жана Россиянын университеттеринин жетекчилери аралаш форматта катышты.
- Эскерте кетсек, Тармак университетинин СНГнын катышуучу университеттеринин акыркы жолугушуусу 2025-жылдын 6-ноябрында Бишкекте өттү.
- Учурда ШКУнун Тармак университетине 7 өлкөдөн 125 катышуучу университет кирет, анын ичинде Кыргызстандан 12 университет бар.