





11-17-ноябрь күндөрү Дубайда ICOM Дубай 2025 эл аралык форуму өттү, ага Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова катышты.
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, конференция 130дан ашык өлкөдөн адистерди чогултуп, 400дөн ашык докладчыны, 100 панелдик талкууну жана 10дон ашык пленардык сессияны, ошондой эле музей жаңычылыктарынын чоң көргөзмөсүн камтыды.
Форумда талкууланган темалар:
- социалдык жана демографиялык өзгөрүүлөр
- санариптик технологиялар жана жасалма интеллект
- маданий мурастын коргоо
- музейлердеги инклюзивдүүлүк
- музей дипломатиясы
- музейлердин коомду өнүктүрүүгө таасири.
«Жасалма интеллект жана музейлер» сессиясында Бакашова музей ишмердүүлүгүндө ИИнин мааниси, санарип архивдерди сактоо жана виртуалдык көргөзмөлөрдүн келечектеги мүмкүнчүлүктөрү боюнча өз көз караштарын бөлүштү. «Музейлер эмне айтып жатат?» талкуусу маданий ар түрдүүлүк жана музей практикасындагы тарыхый өкүлчүлүк маселелерин камтыды.
Форумдун алкагында Жылдыз Бакашованын ИКОМ президенти Эмма Нардий жана вице-президенти Насир Аль Дармаки менен жолугушуусу болуп, тараптар кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен инклюзивдүү долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.
«Улуттук тарых музейи узак убакыт бою ИКОМдун жыйынына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эмес. 2025-жылы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен, музей биринчи жолу бул маанилүү дүйнөлүк форумдун расмий катышуучусу болду», - деп айтылат маалыматта.