Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамакеев Мамбет Мамакеевич

Мамбет Мамакеевич Мамакеев - кыргыз хирургиясынын илимий мектебинин негиздөөчүсү
1927-жылдын 1-октябрына Киргизияда, Ысык-Көл облусунда, Ак-Суу районунда, Кереге-Таш айылында төрөлгөн.
Эмгек жана илимий жашоосунун негизги даталары:
1952 - Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган
1952- клиникалык ординатура
1958-1962 - ассистент
1962-1972 - доцент
Илимий-уюштуруу жетишкендиктери:
М.М. Мамакеев тарабынан: Көп профилдүү структура жана функционал менен заманбап хирургиялык комплекс долбоорлонуп, түзүлгөн;
Бул негизде улуттук борбор статусу берилген башкы илимий-дарылоо-окутуу мекемеси уюштурулган;
Позитивдүү салтка ээ чоң илимий-практикалык хирургия мектеби түзүлгөн;
Бул негизде республикадагы хирургиялык кызматтардын интеграциясы жүргүзүлүп, Кыргызстан хирургиялык коомдорунун ассоциациясы түзүлгөн, штаб-квартирасы Улуттук хирургиялык борбордун дубалында;
Республикалык хирургиянын дүйнөлүк хирургиялык коомчулукка интеграциясы жүргүзүлгөн.
Сыйлыктар
2004 жыл — Кыргыз Республикасынын Баатыры.
«Манас» ордени I жана III даражада
Октябрь революциясы ордени
Эмгектин Кызыл Туу ордени
Элдер достугу ордени
«Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамота»,
«В.И. Лениндин туулган күнүнө 100 жыл толуусуна» арналган юбилей медалы.
Чет өлкөлүк сыйлыктар жана наамдар:
Эл аралык “Руханият” сыйлыгы (2002ж.)
Георгий медалы “Ар-намыс. Даңк. Эмгек” (2002ж.);
“Алтын фортуна” медалы (2003ж.);
2008 жыл — Петр Улуу I даражадагы ордени
Сыйлыктар:
1997 жыл — И. К. Ахунбаев атындагы НАН КРнын сыйлыгынын лауреаты;
1998 жыл — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;
2001 жыл — Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты.
Наамдар:
1970 - медициналык илимдер боюнча доктордук даража берилген
1972 - «Хирургия» адистиги боюнча профессор наамы ыйгарылган
1973 жыл — «Кыргыз ССРдин Ардактуу дарыгери»;
1987 жыл — «Кыргыз ССРдин Ардактуу илим ишмери»,
Дүйнөлүк хирургдар, гастроэнтерологдор жана онкологдор ассоциациясынын (Афина, Греция), Эл аралык хирургдар ассоциациясынын (Цюрих, Швейцария), Н. И. Пирогов атындагы Эл аралык хирургдар ассоциациясынын (Москва, Россия Федерациясы) жана Россиянын эндоскопист-хирургдар ассоциациясынын мүчөсү.
Кыргызстандын илимпоздору