Абдраимов Самудин Абдраимович

Абдраимов Самудин Абдраимович
Техникалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын жана Эл аралык инженердик академиясынын чыныгы мүчөсү, Казакстан жана Тажикстандын Инженердик академияларынын ардактуу академиги.
1944-жылы туулган. 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтунун геология-кен факультетин “Кен иштери үчүн электрлендүрүү жана автоматташтыруу” адистиги боюнча аяктаган.
Азыркы учурда - Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын президенти.
Механика жана машина куруу, механизмдер жана машиналар теориясы, татаал системаларды башкаруу теориясы жана практикасы, структуралык жана параметрдик синтездин илимий негиздерин түзүү, жаңы типтеги механизмдердин кинематикалык жана динамикалык анализи - структурасы өзгөрүлмө механизмдер боюнча адис.
ЦК ВЛКСМдин Ардак грамотасы, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин грамотасы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Евразиялык патенттик уюмунун В.И. Блинников атындагы алтын медалы (2007) “Ойлоп табу жана патент иши боюнча салымы үчүн” жана Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалы (2004), Россиянын Всероссийский көргөзмө борборунун “V-ro Москвадагы Эл аралык инновациялар жана инвестициялар салону” (Москва, 2005) алтын медалы менен сыйланган, структурасы өзгөрүлмө механизмдерге негизделген машиналарды иштеп чыгуу үчүн.
Анын жетекчилиги астында 7 докторлук, 30дан ашык кандидаттык диссертациялар корголгон.
285 илимий эмгектери, анын ичинде 10 монографиясы жарыяланган. 90 ойлоп табуунун автору. Россия Федерациясында 6 патенти, Кыргыз Республикасында 9 патенти, 7 Евразиялык патенти бар.
Ишке ашырылган негизги ойлоп табуулар:
1. Муфтасыз механикалык пресс. Россия Федерациясынын патенти № 1774921, 1992, НИЦ “Импульс” Кыргыз ССРинин Автоматташтыруу институтунда ишке ашырылган.
2. Престин ползундун жүрүшүн жөнгө салуучу түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1031-767, 1983, Воронеж НПО ЭНИКМашта ишке ашырылган.
3. Механикалык пресс. Автордук күбөлүк № 994303, 1983, Г-4585, В-8843, Ю-9788 п/я ишканаларында ишке ашырылган.
4. Кривошип-ползун механизмдеринин инерция күчтөрүн теңдештирүүчү түзүлүш. Автордук күбөлүк № 1139051, 1985, Г-4585, В-8843, Ю-9788 п/я ишканаларында ишке ашырылган.
5. Эксцентрик механизм. Кыргыз Республикасынын патенти № 13, 1995.
6. Алты звенолуу сокку механизм. Кыргыз Республикасынын патенти № 903, 2006.
7. Винттүү электромеханикалык таш жулкуу пресс ВКП-1. Кыргыз Республикасынын патенти № 987, 2007.