Чиядан тигилген кесте жана узорлуу төшөктөр
Тигүү. Бул байыркы өнөр кыздар жана аялдар үчүн эң жеткиликтүү иш болуп келген. Тигүү менен көптөгөн үй буюмдарын кооздошкон (Чепелевецкая, 1968. Б. 78, 79; Антипина, 1962. Б. 97-124; Сатыбалдиева, 2008). Көптөгөн тигилген буюмдар кыз үчүн энеси жана туугандары тарабынан даярдалган тойго кирген.