Кумушалиева Сабира
Кумушалиева Сабира Киноактриса. Кыргыз ССРинин эл артисти (1967). КПССтин мүчөсү 1940-жылдан бери. 1917-жылы Фрунзе облусунун Ворошилов районундагы Токолдош айылында дыйкан үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1930—1932-жылдары Фрунзе педагогикалык техникумунда жогорку даярдык курсунда окугандан кийин башталгыч мектепте мугалим болуп иштеген. 1934-жылы Кыргыз драма театрына кирип, 44 жылдык сахнадагы ишмердүүлүгүндө 100дөн ашык жаркын, колориттүү образдарды жараткан. Профессионалдык театр искусствосунун