
УБААнын сүрөтү. Мелис Сатаров Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсын башкарып калды
Уюмда Мелис Сатаровдун бул кызматка шайланышы бизнес коомчулугунун жогорку ишеними жана ишкерлер менен мамлекеттик структуралардын ортосундагы диалогду активдештирүү үмүттөрүн билдирет деп белгилешти.
Мелис Сатаров ишкердик жана институционалдык өнүктүрүү жаатында чоң тажрыйбага ээ. УБАА анын дайындалышы альянстын ишмердүүлүгүндө жаңы этаптын башталышы болот деп ишенет, бул бизнес климатын жакшыртууга, жергиликтүү бизнесдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана кичи жана орто ишкердик үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Кошумча маалымат
УБАА Кыргызстандагы 87 бизнес-ассоциациянын, тармактык жана регионалдык, кызыкчылыктарын билдирген негизги платформа болуп саналат.