
2026-жылдан баштап «Бала Береке» бир жолку төлөм программасы башталат
2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда жогорку тоолуу жана жеткиликтүү эмес аймактарда жашаган көп балалуу энелер үчүн «Бала Береке» бир жолку төлөм программасы ишке ашырылат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Орунбеков белгилегендей, бул чара демографиялык өсүүнү стимулдаштыруу жана катаал климаттык жана географиялык шарттарда жашаган үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Төлөмдөр 2026-жылдын 1-январынан баштап төрөлгөн балдар үчүн, алар бир жашка чыкканда берилет.
Мамлекеттик жардамдын көлөмү үй-бүлөдөгү балдардын санына жараша болот: төртүнчү бала үчүн 100 миң сом, бешинчи бала үчүн 600 миң сом, алтынчы бала үчүн 800 миң сом, жетиинчи бала үчүн 1 миллион сом, сегизинчи бала үчүн 1,2 миллион сом, тогузунчу бала үчүн 1,5 миллион сом жана онунчу жана андан кийинки балдар үчүн 2 миллион сом берилет.
Бул төлөмдү алуу укугу жогорку тоолуу жана алыскы аймактарда туруктуу жашаган Кыргызстан жарандары жана кайрылмандар — көп балалуу энелерге берилет.
Сүрөт www