
Жаңы пособие программасы 2026-жылдын 1-январынан башталат
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» пособие бийик тоолуу жана жеткиликтүү эмес аймактардын жашоочуларына колдоо көрсөтүү үчүн арналган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы аймактык башкармалыктардын кызматкерлерин жаңы пособие берүү процессине байланыштуу окутууну аяктады. Окутуу учурунда Социалдык камсыздоонун бирдиктүү системасында атайын модуль сунушталып, төлөмдөрдү түзүү процессине түшүндүрмөлөр берилди.
Бул пособие атайын статусу бар алыскы, бийик тоолуу жана чек арадагы айылдарда жашаган үй-бүлөлөргө, үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала үч жашка толгонго чейин берилет.
Пособиенин суммасы айына 3 миң сомду түзөт. Арзыган арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын январь айында башталат, ал эми биринчи төлөмдөр 2026-жылдын 1-февралында жүргүзүлөт.
Пособие алуу үчүн жарандар социалдык коргоо боюнча аймактык бөлүмдөргө арыз бериши керек.
Министрликте төлөмдөр үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалынан жана райондук коэффициенттен көз карандысыз жүргүзүлөөрүн баса белгилешти.
Сүрөт www