
Айлык социалдык жардам пенсиондук төлөмдөргө укугу жок жана иштей албаган жарандарга берилет. Бул категорияга кирет: 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, бир же эки ата-энесинен ажыраган балдар, бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле баатыр-энелер жана кары жарандар.
Жардамдын өлчөмү алууну каалаган категорияга жараша 2 000 сомдон 8 000 сомго чейин өзгөрөт.
Республикадагы орточо айлык жардамдын өлчөмү учурда 6 344,7 сомду түзөт. 2025-жылдын 1-ноябрына карата жардам төлөмдөрүнө 7,2 миллион сом бөлүнгөн.
Министрлик ошондой эле, райондук коэффициенттери бар айылдардын тургундары үчүн мамлекеттик жардамдардын өлчөмдөрү ушул коэффициенттерди эске алуу менен эсептелинерин, алар жумуш акысына жана башка социалдык төлөмдөргө колдонулуп жатканын белгиледи.