
Архивден алынган сүрөт
2025-жылы ташылган жүргүнчүлөрдүн саны дээрлик 60 пайызга өстү, ал эми жүргүнчү айланымы 70 пайыздан ашык өстү. Натыйжада 432,5 миң адам ташылды, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 271,6 миңди түзгөн.
Өсүүнүн негизги факторлору ички ташуулар болду. 2024-жылы темир жолдон 258 миң жүргүнчү пайдаланды, ал эми 2025-жылы алардын саны 417,8 миңге жетти.