
Кызматтарды эске алганда жылдык айлануу (GMV) 4,36 трлн сомду түзүп, бул да 2024-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 45% га жогору. Кыргызстанда Ozon маркетплейси 1,5 эсе өсүү көрсөтүүдө.
Платформанын активдүү колдонуучуларынын саны 15% га көбөйүп, 65,1 млн. жетти. Орточо алганда, ар бир кардар жылына 38 буйрутма берет, бул өткөн жылга салыштырганда 12 буйрутмага көп. Кыргызстанда активдүү сатып алуучулардын саны жылдык негизде 50% га өстү.
2025-жылы Ozon 2,481 млрд буйрутманы жеткирди, бул 2024-жылга салыштырганда 1,7 эсе көп. Кыргызстанда жеткирилген буйрутмалардың саны өткөн жылга салыштырганда 68% га өстү.
Ozonдун складдык аянты 30% дан ашык өстү жана дээрлик 5 млн кв. м. түздү. Кыргызстанда логистикалык тармак Бишкектеги сорттоо борборун жана "Дордой" базарындагы буйрутмаларды кабыл алуу пунктун камтыйт. Компания товарларды берүү пункттарын активдүү кеңейтүүдө.