Кафелердеги баалар тууралуу талкуулар социалдык тармактарда кайрадан активдешти
Кыргызстандык социалдык тармактардын колдонуучулары кафелердеги жана ресторандардагы тамак-аштардын кымбатташы жөнүндө активдүү талкуулашууда.
Колдонуучулардын бири Бишкектеги кафеде литр лимонадын 698 сомго турганын айтып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул баа аны таң калтырды.

Кээ бир комментарий жазгандар альтернативаны сунушташты — үйдө даярдап, кафелерге баруудан качып, акча үнөмдөш керек. Башкалары болсо, жогорку баалар ингредиенттердин жана кызматкерлердин эмгек акысынын кымбатташы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн экенин белгилешти.
Критиктер «150 сомдук минералдык сууга болгону даамдаткыч кошулуп жатат» деп, бул нерсеге таң калышууда.
Баалардын жогорку болушу тамактануу жайларында азык-түлүктүн жана тарифтердин кымбатташынан гана эмес, ошондой эле өкмөттүн 10-15% кызмат көрсөтүүнү алып салган чечиминен улам болуп жатканын белгилеп өтүү керек. Ошентип, кошумча чыгымдар жөн гана тамак-аштардын баасына киргизилген.
Сүрөт www
