Гиннесстин рекорддор китеби үчүн иш-чара
1,5 тонна салмактагы бешбармак жана 117 метр узундуктагы чучук Гиннесстин рекорддор китеби үчүн
11-мартта Бишкекте дээрлик 1,5 тонна бешбармак жана 117 метр узундуктагы чучук даярдалды. Бул үчүн тогуз аттын эти керек болду. Уюштуруучулар бул окуя Гиннесстин рекорддор китебине киргенин каалашат.
Даярдоого 40 ашпозчу жана 30 жардамчы катышты. Бешбармак 650 килограмм майда кесилген эттен жана 700 килограмм тесттен даярдалды. Даяр болгон тамак 1 464 килограмм салмакта болду. Бешбармак иш-чаранын конокторуна жана муктаждарга берилди.
Бешбармак даярдоо иш-чарасы алкагында этти кесүү боюнча конкурс өттү, деп билдирди уюштуруучу Тынчтык Алтымышев.
Биринчи орунду Нарын облусунун Казыбек айылынан келгендер, экинчи орунду журналисттер, ал эми үчүнчү орунду Чүй облусунун командасы ээледи.