Патрульдук милиция кызматы жүргүнчү ташуучу айдоочуларга лицензия алуу үчүн бардык керектүү документтерди даярдап, берүү зарылдыгына көңүл бурат. Документтерди тапшыруу үчүн акыркы күн 1-декабрь деп белгиленген, деп билдиришти УПСМ.
УПСМдин маалыматы боюнча, лицензия алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- Жеке жактын күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
- УГНСте каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү
(такси системалары аркылуу иштеген айдоочулар үчүн карыздардын бар же жок экендиги тууралуу маалымкат талап кылынат). - Лицензиялык төлөмдү төлөгөндүгү тууралуу документ.
- Ташуучу компаниянын жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча келишим.
- Ташуулар үчүн коопсуздук талаптарына жооп берген юридикалык жак же автопарк менен эмгек келишиминин көчүрмөсү.
- Транспорт каражатынын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк.
- Унааны ижарага берүү боюнча ыйгарым укук же келишим.
- Техникалык көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу акт.
- Үч жылдан кем эмес стажы бар айдоочулук күбөлүк.
- Медициналык маалымкат.
- Соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Ведомстводо ошондой эле, оор жана жеңил кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга лицензия берилбесин белгилешти.
Мындан тышкары, УПСМ жүргүнчүлөрдү ташуу өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын жана белгиленген талаптарды сактоо жарандардын коопсуздугун жана такси ишинин мыйзамдуулугун камсыздоо үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.