Соттук отурум бүгүн Тенизбай үчүн камак чарасы боюнча маселени карап, судья анын бошотулушу керектиги тууралуу чечимге келди.

Айбек Тенизбай СИЗОдон чыгып кетпөө боюнча кол коюу менен бошотулду.
Эскерте кетсек, Айбек Тенизбай 11-декабрь күнү таң эрте кармалды. Аны белгисиз адамдар укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары таанышып, алып кетишти. Кийинчерээк, ага улуттар аралык жек көрүү жараткандыгы боюнча айып коюлгандыгы белгилүү болду.