Минтранс «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорунун ишин текшерди
19-январда Кыргыз Республикасынын транспорт жана байланыш министринин орун басары Алмаз Тургунбаев «Кытай – Кыргызстан - Узбекистан» темир жол долбоорунун курулушун текшерди. Ал «Кытай – Кыргызстан – Узбекистан» биргелешкен компаниясынын административдик имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Ведомствонун маалыматы боюнча, визит учурунда курулуш-монтаждоо иштеринин этаптары, ошондой эле долбоордун талаптарына жана аткаруу мөөнөттөрүнө ылайыктыгы текшерилди.