Ал талкуу учурунда статистикалык маалыматтарды сунуштады:
- Даун синдрому: 2022-жылы — 135 адам, 2023-жылы — 135, 2024-жылы — 161;
- Аутизм: 2022-жылы — 99 бала, 2023-жылы — 90, 2024-жылы — 82;
- Балалык церебралдык паралич: 2022-жылы — 753 бала, 2023-жылы — 586, 2024-жылы — 527.
Депутат Жылдыз Садырбаева маалыматтардагы айырмачылыктар боюнча тынчсыздануусун билдирди жана алардын бириктирилиши үчүн борборлоштурулган база түзүүнү сунуштады.
Бул боюнча Айбек Маткеримов, маалымат базасын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын жана акыркы стадияда экенин билдирди.