Бул көрсөтмө өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө мамлекеттик катчы Марко Рубио тарабынан жөнөтүлгөн.
Документте арыз берүүчүлөрдүн ден соолугун эске алуу маанилүү экени белгиленет. Жүрөк-кан тамыр, тыныс алуучу, рак, диабет, семиздик, неврологиялык жана психикалык оорулар сыяктуу айрым оорулар дарылоого чыгымдарды талап кылышы мүмкүн, бул жүздөгөн миңдеген долларга жетиши ыктымал.
Ошондой эле тиешелүү органдар арыз берүүчүлөрдүн медициналык чыгымдарды жабууга каражаты бар-жогун текшериши керектиги маалымдалууда.Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, виза офицерлери арыз берүүчүнүн жашын, анын камкордугундагы балдардын жана кары адамдардын санын, ошондой эле алардын мүмкүнчүлүгү чектелгендигин же атайын муктаждыктарын эске алууга тийиш.
Америкалык маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, жаңы эрежелер иммиграциялык визаларга гана эмес, ошондой эле иммиграциялык эмес визалардын бир бөлүгүнө да тиешелүү. Бирок, адистердин пикиринде, бул эрежелер АКШда туруктуу жашоого умтулгандарга эң чоң таасир этет. Ошол эле учурда, качкындар сыяктуу кээ бир гуманитардык топтор бул документте исключение катары белгиленген.